Беш-Таш айыл аймагынын айыл өкмөтү

Жаңылыктар

🚜 АЙЫЛ ЧАРБА ТЕХНИКАСЫН ИЖАРАГА БЕРҮҮ ЖӨНҮНДӨ ЖАРЫЯ

10.02.2026  18:53     Кароолор (30)

Беш-Таш айыл өкмөтү (мындан ары – Ижара берүүчү) Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына жана муниципалдык мүлктү пайдалануу тартибине ылайык, төмөнкү айыл чарба техникаларын убактылуу пайдаланууга (ижарага) берет.

🔧 Ижарага берилүүчү техникалар:

МТЗ 89.2 – 2 даана

МТЗ 82.1 – 2 даана

ЮТО 504 – 1 даана

ЮТО 952 – 1 даана

Зерновой сеялка – 1 даана

Овощной сеялка – 1 даана

Навесной силосный комбайн – 1 даана

📌 Ижаранын негизги шарттары:

Техника келишимдин негизинде гана берилет;

Ижара мөөнөтү: тараптардын макулдашуусу боюнча (сааттык / күндүк / сезондук);

Ижара акысы айыл өкмөтү тарабынан бекитилген тарифтерге ылайык аныкталат;

Техника үчүнчү жакка өткөрүүгө же субижарага берүүгө КАТУУ ТЫЮУ САЛЫНАТ;

Техника максаттуу пайдаланылышы шарт (айыл чарба жумуштары үчүн гана);

Техниканын бузулушуна, жоголушуна же зыянга учурашына ижарачы толук материалдык жоопкерчилик тартат.

⚖️ Ижарачыга коюлуучу талаптар:

Кыргыз Республикасынын жараны же катталган юридикалык жак болушу;

Жеке күбөлүк (паспорт) же юридикалык жак үчүн каттоо документтери;

Ижара келишиминде көрсөтүлгөн шарттарды толук аткаруу;

Коопсуздук жана техникалык эксплуатация эрежелерин сактоо.

📄 Келишимдик тартип:

Ижара берүү төмөнкү документтердин негизинде жүргүзүлөт:

Ижара келишими;

Техниканы кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы;

Ижара акысы боюнча төлөм документтери

❗ Кошумча шарттар:

Айыл өкмөтү техникалык абалына жараша ижарадан баш тартууга укуктуу;

Техниканы кайтарууда абалы текшерилип, акт түзүлөт;

Мыйзам бузулган учурда келишим бир тараптуу тартипте бузулат.

📞 Байланыш үчүн:

Беш-Таш айыл өкмөтү
Дареги: Талас району, Кызыл-Туу айылы Темиркул көч 35
Телефон: 0708070887