КОНКУРС!
🌿 УРМАТТУУ БЕШ-ТАШ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АКТИВДҮҮ ТУРГУНДАРЫ!
📌 Беш-Таш айыл өкмөтү сиздерди ЖЕРГИЛИКТҮҮ ДЕМИЛГЕЛЕРДИ КАРЖЫЛОО конкурсуна катышууга чакырат!
Сиздерден – жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган демилге,
бизден – каржылоо!
Конкурс Швейцария Өкмөтүнүн колдоосунда ишке ашырылган "Жергиликтүү өз алдынча башкарууну колдоо үчүн" өнөктөштүгүнүн алкагында Өнүктүрүү саясат институтунун техникалык колдоосунда өткөрүлүүдө.
Конкурска төмөнкү багыттардагы жергиликтүү демилгелер менен катыша аласыздар:
- 🌳 Парктардын, спорттук курулуштардын жана эс алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу, бош убакытты уюштуруу үчүн шарттарды түзүү;
- 🏞️ Элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;
- 🛝 Балдар жана жаштар менен алардын ар тараптуу өнүгүүсүнө арналган иш-чараларды уюштуруу.
Дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу.
Документтер 2025-жылдын 21-июль күнүнүн саат 17:00гө чейин Беш-Таш айыл өкмөтүнүн имаратында кабыл алынат.
Байланыш үчүн адис – Алымбай у Султан , тел. 0709997989
#ӨСИ_ИПР
#LSGPP