Беш-Таш айыл өкмөтү муниципалдык менчиктеги ЭКСКАВАТОРГО тажрыйбалуу АЙДООЧУ (механизатор) издөө боюнча КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ.
Биздин жамаатка жоопкерчиликтүү, техниканы сүйгөн жана айылдын инженериялык иштерине (дренаж тазалоо, селден коргоо, канал казуу ж.б) салым кошо турган адис керек.
📍 Негизги талаптар:
• Тиешелүү категориядагы айдоочулук күбөлүк: Тракторист-машинист күбөлүгү (экскаваторду башкарууга укук берген категориясы менен);
• Иш тажрыйбасы: Экскаватордо же атайын техникада кеминде 1-3 жылдык иш тажрыйбасы (тажрыйбасы көп талапкерлерге артыкчылык берилет);
• Техникалык сабаттуулук: Техниканын түзүлүшүн билүү, майда-чүйдө оңдоо иштерин өз алдынча аткаруу жана күндөлүк техникалык кароодон өткөрө алуу;
• Жоопкерчилик: Күйүүчү-майлоочу материалдарды (ГСМ) үнөмдүү колдонуу жана техниканы таза, иштөөгө даяр абалда кармоо.
📝 Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:
1. Паспорттун көчүрмөсү;
2. Айдоочулук күбөлүктүн (тракторист-машинист) көчүрмөсү;
3. Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (бар болсо);
4. Кыскача резюме же өмүр баян.
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү: 2026-жылдын 7-апрелине чейин. Дарегибиз:Кызыл-Туу айылы, Темиркул көчөсү №35, (Айыл өкмөтүнүн имараты.) Байланыш телефону: 0708070887
Конкурс 2026-жылдын 8-апрель күнү саат 10:00 жыйынтыкталат.