Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, ошондой эле муниципалдык мүлктү башкаруу жана тескөө тартибине ылайык, Беш-Таш айыл өкмөтү төмөнкү муниципалдык мүлктү ачык аукцион аркылуу ижарага берүүгө жарыялайт:
1. Аукциондун предмети:
Объекттин аталышы: «Беш-Таш Кайыңды" суу чыгаруучу ишканасы
Жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Талас облусу, Беш-Таш айыл аймагы, Жанкороз олуя айылы
Кыскача мүнөздөмө:
өндүрүштүк имарат(тар), минералдык суу өндүрүүгө ылайыкталган инфраструктура жана башка негизги объекттер.
2. Ижаранын негизги шарттары:
Ижара мөөнөтү: мыйзам талаптарына ылайык
Баштапкы ижара акысы: Баалоо отчету боюнча;
Аукциондун кадамы: Баалоо отчетунун баасынын 5% өлчөмүндө;
Максаттуу пайдалануу: минералдык суу өндүрүү жана ага байланыштуу ишмердүүлүк;
Субижарага жана үчүнчү жакка берүүгө тыюу салынат.
3. Аукциондун датасы жана орду:
Өткөрүлө турган күнү: 20-март 2026-ж., саат 10:00
Өткөрүлө турган жери: Беш-Таш айыл өкмөтүнүн имараты, дареги: Кызыл-Туу айылы Темуркул көчөсү 35.
4. Аукционго катышуу үчүн талап кылынуучу документтер:
белгиленген формадагы арыз;
жеке жак үчүн – паспорттун көчүрмөсү;
юридикалык жак же жеке ишкер үчүн – мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк;
салык карызы жоктугу жөнүндө маалымкат;
кепилдик төлөмдүн төлөнгөндүгүн ырастоочу документ.
5. Кепилдик төлөм:
Кепилдик төлөмдүн өлчөмү: Баалоо отчетунун баштапкы ижара акысынын 10 %;
Аукциондо утпай калган катышуучуларга кепилдик төлөм кайтарылып берилет.
6. Документтерди кабыл алуу:
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү: 19.03.2026ж. чейин;
Дареги: Беш-Таш айыл өкмөтү, Кызыл-Туу айылы Темуркул көчөсү 35;
Байланыш телефону ватсап: Султан 0709997989.
Аукциондун жыйынтыгы боюнча эң жогорку ижара акысын сунуштаган катышуучу ижарачы деп таанылат.
Беш-Таш айыл өкмөтү